# 12-статья. Туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202103)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 21-майындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2025 [Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230024405); 22.02.2023 [Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112529)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103#diff=1272039..29242>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3549/edition/1272033/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202103/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө, 12-статья (18.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-12

---

1. Ата-энеси, же жалгыз атасы, же энеси бала туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналса, чек арага чектеш мамлекеттин жарандыгын кошпогондо, бала туулган жерине жана балада чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

2. Туулгандыгы боюнча чет өлкөлүк жарандыкты алган балага карата баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө биргелешкен жазуу жүзүндөгү арыз берген жагдайды кошпогондо, туулган учуруна карата ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны, ал эми экинчиси чет өлкөлүк жаран болуп эсептелген бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

3. Туулган учуруна карата ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны болгон, ал эми экинчиси жарандыгы жок адам же ал төрөлгөн учурда белгисиз болсо, бала туулган жерине карабастан Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси, же жалгыз атасы же энеси жарандыгы жок адамдар болуп эсептелген бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

5. Ата-энеси же жалгыз атасы, же энеси этностук кыргыздар болуп саналган чет өлкөлүк жарандар болгон Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, ата-энесинин экөө тең белгисиз бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

Эскертүү. Ушул статьянын ченемдери жашы жеткен жана чет өлкөлүк жарандар болуп саналган адамдарга жайылтылбайт. (КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202103/st-13)
