# 41-2-статья. Жөнөтмөлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду жана акча которууларын алуу

- Документ: [О внесении изменений и дополнений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/202101)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202101/st-41-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3547/edition/859202/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений и дополнений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, 41-2-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202101/st-41-2

---

Камакка алууга соттолгондор айына бир жолу бир бандероль жана күндөлүк керектелүүчү нерселерди алууга укуктуу. Берип жиберүүгө уруксат берилген күндөлүк керектелүүчү нерселердин тизмеги ички тартип эрежелери менен аныкталат. Камакка алууга соттолгон оорулууларга, врачтын корутундусу боюнча дарыланууга жана тиешелүү тамактанууга муктаж болгондорго медициналык корутунду менен аныкталуучу сандагы жана ассортименттеги жөнөтмөлөрдү жана берип жиберүүлөрдү алууга уруксат берилет. Камакка алууга соттолгондорго акча которууларын, жөнөтмөлөрдү жана бандеролдорду алууга уруксат берилет. Келип түшкөн акчалай каражаттар камакка алууга соттолгондордун энчилүү эсептерине чегерилет.".

3. 43-статьянын 1-бөлүгү "алып салуу" деген сөздөрдөн кийин ", күн сайын сейилдөө убактысын бир саатка узартуу, соттолгондордун жеке каражаттарынан төлөө менен телефон аркылуу он беш мүнөткө чейин сүйлөшүүгө уруксат берүү" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202101/st-1)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202101/st-2)
