Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР «О внесении изменений и дополнений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2007-жылдын 4-майы № 68
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 3, 156-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 41-статьяда:
экинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Камакка алууга соттолгондорго жалпы режимдеги түзөтүү колонияларында жазаларын өтөп жатышкан эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн ушул Кодексте белгиленген кармоонун шарттары жайылтылат. Камакка алууга соттолгондорду окутуу жүзөгө ашырылбайт. Кайтаруусуз жүрүүгө уруксат берилбейт."; 3-бөлүктөгү "бир жарым" деген сөздөр "эки" деген сөз менен алмаштырылсын; 4-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(4) Өзгөчө жагдайларда (жакын тууганынын өлүмү же анын өмүрүнө коркунуч туудурган катуу оорууда, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө орчундуу зыян келтирген табийгый кырсыктарда) камакка алууга соттолгондорго камак үйүнүн начальнигинин чечими менен соттолгондордун жеке каражаттарынан төлөө аркылуу жакын туугандары менен он беш мүнөткө чейин телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Эскертүү. Жакын туугандары деп ушул Кодекстин 61-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды түшүнүү керек.". статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5-7-бөлүктөр менен толукталсын: "(5) Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн өзгөчө жагдайларга байланыштуу камакка алууга соттолгондорго, баруу жана кайра келүү үчүн керек болгон убакытты эсептебегенде, камак үйүнөн тышкары жети суткага чейин кыска мөөнөттүү барып-келүү уруксаты берилиши мүмкүн. (6) Жашы жетелек соттолгондорго бир айда бир жолу жакын туугандары менен төрт саатка чейин кыска мөөнөттүү жолугушуу берилет. (7) Камакка алууга соттолгондор чектелбеген сандагы каттарды ала алышат жана жөнөтө алышат. Соттолгондордун кат алышуулары цензурадан өтөт.".
2. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 41-1 жана 41-2-статьялар менен толукталсын:
"41-1-статья. Тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү нерселерди сатып алуу Медициналык корутундунун негизинде дарыланууга жана тиешелүү тамактанууга муктаж болгон камакка алууга соттолгондорго алардын энчилүү эсептеринде турган каражаттарына тамак-аш азыктарын сатып алууга уруксат берилет. Соттолгондор акча которуп эсептешүү боюнча күндөлүк керектелүүчү нерселерди бир жолку эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммага сатып ала алышат.
41-2-статья. Жөнөтмөлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду жана акча которууларын алуу Камакка алууга соттолгондор айына бир жолу бир бандероль жана күндөлүк керектелүүчү нерселерди алууга укуктуу. Берип жиберүүгө уруксат берилген күндөлүк керектелүүчү нерселердин тизмеги ички тартип эрежелери менен аныкталат. Камакка алууга соттолгон оорулууларга, врачтын корутундусу боюнча дарыланууга жана тиешелүү тамактанууга муктаж болгондорго медициналык корутунду менен аныкталуучу сандагы жана ассортименттеги жөнөтмөлөрдү жана берип жиберүүлөрдү алууга уруксат берилет. Камакка алууга соттолгондорго акча которууларын, жөнөтмөлөрдү жана бандеролдорду алууга уруксат берилет. Келип түшкөн акчалай каражаттар камакка алууга соттолгондордун энчилүү эсептерине чегерилет.".
3. 43-статьянын 1-бөлүгү "алып салуу" деген сөздөрдөн кийин ", күн сайын сейилдөө убактысын бир саатка узартуу, соттолгондордун жеке каражаттарынан төлөө менен телефон аркылуу он беш мүнөткө чейин сүйлөшүүгө уруксат берүү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
2007-жылдын 23-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бишкек шаардык кенешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №129 "Бишкек шаарынын Шааркурулуш кенеши жонундо жобону бекитуу жонундо" токтомуПостановление · 02.12.2009 · № 129