# 8-статья. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароонун мөөнөттөрү

- Документ: [Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202100)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 февраля 2015 года № 35 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205456)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.02.2015 [Закон КР от 17 февраля 2015 года № 35 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205456); 15.07.2013 [Закон КР от 15 июля 2013 года № 144 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан""](https://aqlex.ai/kg/doc/203952); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан"](https://aqlex.ai/kg/doc/203178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100#diff=944923..944924>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3546/edition/944919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202100/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, 8-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-8

---

1. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына же кайрылууда коюлган маселелерди чечүү компетенциясына кирген кызмат адамына келип түшкөн учурдан тартып бир жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

2. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

3. Жарандын кайрылуусун чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда даттанууларды чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын жетекчиси, кызмат адамы же болбосо ага ыйгарым укук берилген адам тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө (электрондук) билдирилет.

4. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда коюлган маселелерди чечүү бир нече мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын компетенциясына тиешелүү болгон учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына же тийиштүү кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 214, 2013-жылдын 15-июлундагы № 144, 2015-жылдын 17-февралындагы № 35 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-9)
