# 7-статья. Жарандарды өздөрүнүн кабыл алуусу

- Документ: [Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202100)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2013 года № 144 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан""](https://aqlex.ai/kg/doc/203952)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2013 [Закон КР от 15 июля 2013 года № 144 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан""](https://aqlex.ai/kg/doc/203952); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан"](https://aqlex.ai/kg/doc/203178); 26.02.2008 [Закон КР от 26 февраля 2008 года №16 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан"](https://aqlex.ai/kg/doc/202226)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100#diff=944922..944923>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3546/edition/944919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202100/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, 7-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-7

---

1. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кайрылуулардын маани-маңызы боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жана жетекчилери жарандарды жумасына бир жолудан кем эмес өздөрү кабыл алууну өткөрүүгө милдеттүү.

2. Жарандарды кабыл алуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтында жарыяланган же мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын имаратынын стенддеринде жайгаштырылган жарандарды кабыл алуу графигине ылайык жүргүзүлөт.

3. Өздөрү кабыл алуу учурунда жаран өзүнүн инсандыгын күбөлөндүргөн документин көрсөтөт.

4. Оозеки кайрылууда айтылган маселе өзү кабыл алуу учурунда чечилбесе кайрылуу жаран тарабынан жазуу жүзүндө же электрондук түрдө баяндалышы мүмкүн жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталууга жана каралууга тийиш.

5. Эгерде кайрылууда аларды чечүү ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын компетенциясына кирбеген маселелер камтылса, жаранга каякка жана кандай тартипте кайрылуу керектиги тууралу түшүнүк берилет.

6. Эгерде жаранга кайрылууда коюлган маселелердин маани-маңызы боюнча жооп берилсе, өзү кабыл алуунун жүрүшүндө анын кайрылуусун андан ары кароодон баш тартылышы мүмкүн.

7. Республиканын алыскы региондорунан келишкен жарандар кезексиз кабыл алынуу укугуна ээ. Кабыл албай коюуга жол берилбейт.

(КР 2008-жылдын 26-февралындагы № 16, 2009-жылдын 15-июлундагы № 214, 2013-жылдын 15-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-6-1)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-8)
