# 6-статья. Жазуу жүзүндөгү кайрылууга коюлуучу талаптар

- Документ: [Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202100)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан")](https://aqlex.ai/kg/doc/230030253)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100#diff=27502..35869>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3546/edition/944919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202100/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, 6-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-6

---

1. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жөнөткөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышын, же болбосо тийиштүү кызмат адамынын аты-жөнүн, же болбосо тийиштүү адамдын кызмат ордун, ошондой эле өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (эгерде атасынын аты болсо), жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон дарегин милдеттүү түрдө көрсөтөт, сунушунун, арызынын же даттануусунун маани-маңызын баяндайт, өзүнүн колун коет жана күнүн көрсөтөт.

2. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын далилдерин тастыктоочу документтер тиркелет.

3. Кайрылуучулардын өкүлдөрү аркылуу берилген кайрылууларга алардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер тиркелет.

4. Кайрылууларда бул маалыматты тастыктаган документтерди (бар болсо) тиркөө менен алардын мурдагы каралышынын натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

5. Кайрылуу компетенциясына кайрылууда коюлган маселелерди чечүү кирген субъектке же кызмат адамына даректелүүгө тийиш.

6. Кайрылуу кайрылуучунун укуктарын жана кызыкчылыктарын түздөн-түз козгоого же болбосо коомдук кызыкчылыктар чөйрөсүнө кирүүгө тийиш.

7. Даттанууну берүүдө субъекттин аталышы же аракеттерине даттанылып жаткан кызмат адамынын фамилиясы жана инициалдары, кызмат орду, кайрылуунун мотивдери жана талаптары көрсөтүлөт.

8. Кайра кайрылуулар кайрылуучуга мурда белгилүү болбогон жаңы жагдайларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-5-1)  
Кийинки берене: [6-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-6-1)
