# 5-1-статья. Кайрылууларды берүү мөөнөттөрү

- Документ: [Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202100)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-5-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3546/edition/944919/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, 5-1-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-5-1

---

1. Арыздарды жана сунуштарды берүү мөөнөт менен чектелбейт.

2. Даттануулар арыз ээлери тарабынан алардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулгандыгы жөнүндө алар билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде берилиши мүмкүн.

Эгерде ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себеп (катуу оору, майыптык, иш сапар ж.б.) боюнча өтүп кетсе, анын бар экендиги арыз ээси тарабынан берилген тиешелүү документтер менен тастыкталса, бул мөөнөт мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш жана даттануу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каралат. (КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-6)
