4-статья. Жарандардын кайрылууга болгон укугу
Күчүндө · 18.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 мая 2011 года № 17
1. Кыргыз Республикасында ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылуу укугуна ээ, алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө негизделген жооп берүүгө милдеттүү.
2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө аталган органдар, алардын кызмат адамдары жарандардын сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылуу укугунан ажыратууга же алардын мындай укугун чектөөгө акысы жок.
3. Жашы жетелек же аракетке жөндөмсүз адамдардын кызыкчылыктарындагы арыздарды жана даттанууларды алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлдүк жана камкордук органдары берүүгө укуктуу.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында же эларалык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык кайрылуу укугунан пайдаланышат.
5. Жарандардын белгиленген тартипте газеталардын, журналдардын, телекөрсөтүү, радио жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынан, түз телефон байланышы боюнча келип түшкөн кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө каралат.
6. Жарандар кайрылууга болгон укугун эркин жана ыктыярдуу ишке ашырышат. Жарандардын кайрылуу укугун жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого тийиш.
7. Жарандардын кайрылууларын кароо акысыз жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 3-майындагы № 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамдын күчү жарандардын төмөндөгүлөрдөн башка бардык кайрылууларына жайылтылат:
1) ойлоп табуулар, ачылыштар, тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен регламенттелүүчү рационализатордук сунуштар менен байланышкан кайрылуулардан;
2) конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүшүнүн башка түрлөрүнүн, укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген иштер боюнча өндүрүштүн, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн тартибинде каралууга тийиш болгон кайрылуулардан;
3) коммерциялык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жамааттарынын ичиндеги мамилелерден улам келип чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери, алардын уставдары жана жоболору менен жөнгө салынуучу кайрылуулардан;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кароонун башка тартиби каралган кайрылуулардан;
5) кароо тартиби административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдар менен регламенттелүүчү административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу менен байланышкан кайрылуулардан.
6) салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин пайдалануу жөнүндө, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын Салык
кодекси мменен регламенттелүүчү салыктык милдеттенмелерди аткаруу тартиби жана жол-жоболору боюнча түшүндүрмө менен байланышкан кайрылуулардан. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 148, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202100/st-4" title="4-статья - Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>