# 2-статья. Жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн негизги принциптери

- Документ: [Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202100)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3546/edition/944919/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, 2-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-2

---

Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жарандардын кайрылууларын кароо боюнча иштеринин негизги принциптери төмөндөгүлөр болуп саналат:

1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;

2) мыйзамдуулук, демократиялуулук, жеткиликтүүлүк;

3) кайрылууларды кароонун милдеттүүлүгү;

4) кайрылуулардын өз убагында каралышы, калыстыгы жана толуктугу;

5) кайрылууларды караган учурдагы жарандардын теңдиги;

6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик;

7) кайрылууларды кароонун контролго алынуусу жана отчеттуулугу.

(КР 2008-жылдын 26-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-3)
