# 17-статья. Кайрылууларды кароо менен байланышкан чыгымдар

- Документ: [Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202100)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100#diff=944924..944925>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3546/edition/944919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202100/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, 17-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-17

---

Эгерде жаран кайрылууда билип туруп жалган маалыматтарды көрсөтсө, кайрылууну мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын же кызмат адамынын кароосуна байланыштуу кеткен чыгымдар соттун чечими боюнча ошол жарандын эсебинен өндүрүп алынышы мүмкүн. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же кызмат адамынын кайрылууну кароодон укук ченемсиз баш тартууларына, же негизсиз жоопту же анык эмес маалыматтарды бергенине байланыштуу жарандын тарткан чыгымдары мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же кызмат адамынан соттун чечими боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн. (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-18)
