# 14-статья. Кайрылууну караган учурдагы жарандын укуктары жана жоопкерчилиги

- Документ: [Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202100)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 4-майындагы № 67 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан")](https://aqlex.ai/kg/doc/230030253)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2025 [Закон КР от 18 июля 2025 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан")](https://aqlex.ai/kg/doc/230030253); 15.07.2013 [Закон КР от 15 июля 2013 года № 144 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан""](https://aqlex.ai/kg/doc/203952); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 214 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О порядке рассмотрения обращений граждан"](https://aqlex.ai/kg/doc/203178)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100#diff=27502..35869>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3546/edition/944919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202100/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө, 14-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-14

---

1. Кайрылууну караган учурда жаран төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кайрылуунун катталган күнү жана номери тууралу оозеки же жазуу жүзүндө (электрондук) маалымат алууга;

2) кайрылууларды кароого байланыштуу болгон материалдар менен, ал башка жарандардын укуктарын канчалык козгой тургандыгына жана мамлекеттик жашыруун сырларды, коммерциялык жана (же) башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келбегендей деңгээлде таанышууга;

3) кайрылууну карап жаткан адамга өзүнүн далилдерин айтууга;

4) коллегиалдуу органдын кайрылууну карашына түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга;

5) кайрылууну кароонун натыйжалары жөнүндө белгиленген мөөнөттө жазуу жүзүндө (электрондук) жооп алууну талап кылууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрылуунун администрациялык жана (же) сот тартибинде каралышына байланыштуу кайрылуу боюнча кабыл алынган чечимге же аракетке (аракетсиздикке) даттануу менен кайрылууга;

7) кайрылууну кароону токтотуу жөнүндөгү арыз менен кайрылууга.

2. Жарандын жалаа жабуу мүнөздөгү материалдарды, башка адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын кордогон жана ишкердик беделине шек келтирген сөздөрдү камтыган кайрылууну берүүсү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчилик же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 214, 2013-жылдын 15-июлундагы № 144 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202100/st-15)
