7-статья
Күчүндө · 15.02.2008 редакциясы
Атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан ашыкча келип
түшкөн бюджеттик мекемелердин кирешелери толугу менен республикалык
бюджеттин кирешесине алынат.
Бюджеттик мекемелердин уруксат, лицензия берүүлөрдөн жана мамле-
кеттик жана муниципалдык имараттарга ижара төлөмдөрүнөн алынуучу кире-
шелери толугу менен бюджеттин тиешелүү дењгээлдеги киреше бөлүгүнө ко-
торулат. Мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жана маданият мекемелеринин
материалдык-техникалык базасын мамлекеттик эмес (жеке) уюмдарга ижарага
берүүдөн алынган киреше бюджетке алынбайт жана мамлекеттик билим берүү
мекемелеринин уставдык максаттары үчүн пайдаланылат.
Бюджеттик уюмдарга жана мекемелерге атайын каражаттарды казыналык
системаны аттап өтүп, пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бу-
зулган учурда атайын каражаттардын 50 пайызы тийиштүү баскычтагы бюд-
жеттин кирешесине алынат.
Айылдардын четиндеги, көп пайдаланылуучу жана алыскы жайыттарды
пайдалангандыгы үчүн ижара акы жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
рынын бюджетине келип түшөрү белгиленсин.
Мектептин утурумдук ремонту жана окуу китептерин ижарага берүү
үчүн ата-энелерден акы алуу жүргүзүлбөсүн.
Берененин тексти 15.02.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202079/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>