5-статья
Күчүндө · 15.02.2008 редакциясы
Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджетинин чыгаша-
ларын каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган статьялар боюнча (эмгек
акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикамент-
тер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жө-
лөк пулдар, стипендиялар, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна
чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттин карыз милдеттенмелери жана калктын
аманаттарын индекстөө боюнча жүргүзүлөт.
Чыгашалардын коргоого алынган статьялары штаттык расписаниелердин
бош орундарына жана мыйзамдык жана ченемдик-укуктук актылардын кабыл
алынышына байланыштуу кыскартылышы мүмкүн.
Мамлекеттик финансы статистикасына ылайык жањы бюджеттик классифи-
кацияга өтүүгө жана чыгашаларды пландаштырган учурдагы өз алдынчалуу-
луктун өсүшүнө байланыштуу чыгашалардын коргоого алынган статьяларын
каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктө-
лөт.
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына 2007-жылга жергиликтүү
бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте коргоого алынган
статьялар боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.
Берененин тексти 15.02.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202079/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>