13-статья
Күчүндө · 15.02.2008 редакциясы
Жумуш берүүчүлөрдөн кармалуучу киреше салыгы боюнча 2007-жылдын
биринчи жана экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча пландуу көр-
сөткүчтөр ашыгы менен аткарылган учурда ашыра аткаруунун суммасы облус-
тук жана райондук маанидеги шаарлардын бюджеттерине ашыра аткаруунун
суммасынан 65 пайыз нормативи боюнча чегерилет.
Жумуш берүүчүлөрдөн кармалуучу киреше салыгы боюнча ашыкча төлөө-
лөрдүн эсебинен пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун суммасы пландан
ашыкча келип түшкөндөрдөн алып салынат.
Киреше салыгы, пайдадан алынуучу салыктар, милдеттүү патенттешти-
рүүдөн алынган кирешелер, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн бирдиктүү
салык, акциздик салык (ички продукцияга), пайыздык салык, резидент
эместердин кирешелеринен алынуучу салык, камсыздандыруу фондуларынан
түшүүлөр жана ички продукцияга кошумча нарк салыгы, Бишкек жана Ош
шаарлары боюнча 2007-жылдын биринчи жана экинчи жарым жылдыгына план-
даштырылган пландуу көрсөткүчтөр ашыра аткарылганда ашыра аткаруунун
суммасы Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттерине ашыра атка-
руунун суммасынан 65 пайыз нормативи боюнча чегерилет, мында салыктар
боюнча ашыкча төлөөлөрдүн эсебинен пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра атка-
руунун суммасы пландан ашыкча келип түшкөндөрдөн алып салынат.
2007-жылдын биринчи жарым жылдыгында пландуу көрсөткүчтөр ашыра
аткарылып жана жыл жыйынтыгы боюнча алар аткарылбай калган учурда би-
ринчи жарым жылдыкта которулган каражаттар кийинки жылы республикалык
бюджетке алынат.
Берененин тексти 15.02.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202079/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>