# 12-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202079)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 46 "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202079/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3525/edition/329231/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202079/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө, 12-статья (15.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202079/st-12

---

2007-жылга облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджеттери

үчүн 15 пайыз өлчөмүндө жана райондук маанидеги шаарлар үчүн - 10 пайыз

өлчөмүндө жумуш берүүчүдөн кармалуучу киреше салыгынан пландуу келип

түшкөндөрдөн чегерүүлөрдүн нормативдери бекитилсин.

Салык кызматкерлери тарабынан кармалуучу киреше салыгы, патенттик

негиздеги милдеттүү патенттештирүүдөн түшкөн киреше, чакан ишкерликтин

субъекттери үчүн бирдиктүү салык жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бар-

дык органдарынын (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) карамагына 100

пайыз өлчөмүндө калтырылсын.

Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттери үчүн 2007-жылга

киреше салыгынан, пайдадан алынуучу салыктан, милдеттүү түрдө патент-

тештирүүдөн түшкөн кирешеден, чакан ишкерликтин субъекттери үчүн бир-

диктүү салыктардан, акциз салыгынан (ички продукцияга), пайыздык салык-

тан, резидент эместердин кирешелеринен алынуучу салыктан пландуу түшүү-

лөрдөн жана камсыздандыруу фондуларынан түшүүлөрдөн 35 пайыз өлчөмүндө-

гү чегерүүлөрдүн нормативдери бекитилсин.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкер-

чилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына

жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202079/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202079/st-13)
