# 9-статья. Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик каттоосу

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 27 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной статистике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203834)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042507..1042508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 9-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-9

---

Юридикалык жактар, алардын филиалдары, бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана дыйкан (фермер) чарбалары тууралуу маалыматтарды жыйноонун, топтоонун жана кайра иштеп чыгуунун системасы болгон Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик регистри мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин жалпы мамлекеттик каттоосу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктеринин жалпы мамлекеттик каттоосун түзүү жана жүргүзүү иштери, анын иштешинин уюштуруу жагындагы жана методологиялык принциптерин иштеп чыгуу мамлекеттик статистика органдары тарабынан ишке ашырылат. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоо жөнүндө" токтому; КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-октябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктерин бирдиктүү мамлекеттик каттоонун мамлекеттик органдардын ведомстволук реестрлери менен өз ара аракети жөнүндө жобону жана Кызыгдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому (Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-10)
