8-статья. Мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр
Күчүн жоготкон · 08.07.2019 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июля 2019 года № 82.
Мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр мамлекеттик статистика органдары тарабынан статистикалык отчетторду жыйноо, бир жолку эсепке алуу, каттоо, сурап-билүү, тандап алынган жана башка иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу өткөрүлөт. Байкоо жүргүзүү иликтөөгө алынган жыйындынын бардык бирдиктерине жүргүзүлгөндө мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр текши жана байкоо жүргүзүү изилдөөгө алынган жыйындынын айрым бирдиктерине гана жүргүзүлгөндө тандап өткөрүлүшү мүмкүн. Мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Статистикалык иштердин программасына же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине ылайык мамлекеттик статистика органдары тарабынан өткөрүлөт. Ири жана өзгөчө маанилүү мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдү (каттоолорду) өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери келишим негизинде тартылышы мүмкүн. Көрсөткүчтөрдүн камтылышы боюнча мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөр жалпы мамлекеттик, тармактык, ведомстволук жана аймактык, ошондой эле сектордук (экономиканын айрым тармактары боюнча) болушу мүмкүн. Жарандардын расасын, дин тутуусун, саясий көз карашын камтыган жана жеке турмушунун купуялуулугун бузган мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик статистика органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте дагы башка (мамлекеттик эмес) статистикалык байкоолор, анын ичинде акы төлөөнүүчү негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202074/st-8" title="8-статья - Мамлекеттик статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>