# 7-статья. Статистикалык маалыматтын булактары

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 7-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-7

---

Расмий статистикалык маалыматты түзүү максатында мамлекеттик статистика органдары маалыматтын төмөндөгүдөй булактарын пайдалана алышат: статистикалык байкоо жүргүзүүдөн өтүүгө тийиш болгон респонденттер жөнүндөгү баштапкы статистика маалыматтарын; мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, башка юридикалык жактардын администрациялык маалыматтарын; банк жана финансы статистикасын, төлөө балансынын статистикасын; эларалык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн статистика органдарынын статистика маалыматын; жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде ишке ашырылуучу бааларды жана эсептөөлөрдү. Мамлекеттик статистика органдары маалыматтардын сапатын жана аларды өз учурунда берүү мүмкүнчүлүгүн, маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуу боюнча чыгымдарын, ошондой эле буга байланыштуу пайда болгон респонденттердин милдеттерин эске алуу менен статистика маалыматынын булагын тандоо жөнүндө чечимди өз алдынча кабыл алышат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-8)
