# 5-статья. Статистикалык ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына коюлуучу негизги талаптар

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042508..1042509>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 5-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-5

---

Расмий статистикалык эсепке алууну ишке ашыруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды кошуп алганда), төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү: расмий статистикалык маалыматтын аныктыгын, бүтүндүгүн, толуктугун жана өз учурунда жүргүзүлүшүн; расмий статистикалык маалыматтын аныктыгын, толуктугун, бүтүндүгүн жана өз учурунда берилишин, ошондой эле респонденттердин жүгүн өтө азайтууну камсыз кылууну эске алуу менен аны түзүү үчүн маалыматтардын булактарын сарамжалдуу тандоону; расмий статистиканын эларалык стандарттарынын жана принциптеринин талаптарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келген, илимий жактан негизделген статистикалык методологияны колдонууну; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектерде, расмий статистикалык маалыматтын, ошондой эле колдонулуп жаткан статистикалык методологиянын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын; расмий статистикалык маалыматтарды түзүү максатында аларды жыйноо, жалпылоо жана колдонуу процессинде баштапкы статистикалык маалыматтардын купуялуулугун сактоону; маалыматтык технологиялар менен техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорун пайдаланууда бирдиктүү стандарттарды колдонууну, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалымат мейкиндигиндеги алардын салыштырмалуулугун жана эриш-аркак иштешин; статистикалык көрсөткүчтөрдүн эларалык тажрыйбада колдонулуучу стандарттарына ылайык келишин; расмий статистикалык маалыматтын сакталышын жана коопсуздугун. (КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-6)
