# 4-статья. Кыргыз Республикасынын статистика жагындагы мамлекеттик саясаты

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 27 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной статистике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203834)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042506..1042507>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 4-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-4

---

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү катары статистика жагындагы мамлекеттик саясат илимий жактан негизделген бирдиктүү методологиянын жана эларалык статистика менен салыштыруунун негизинде республиканын экономикасынын абалын жана өнүгүү тенденциясын, бардык деңгээлдеги чарбалык өз ара байланышты, курамдык жылышты жана өндүрүштүн натыйжалуулугун, экономикалык, социалдык, демографиялык жана экологиялык саясатты жүзөгө ашырууну мүнөздөгөн статистикалык маалымат менен башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана калктын кеңири катмарларынын керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылууга багытталган. Мамлекет статистиканын бирдиктүү системасын түзөт, бул системага жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат жана республиканын бардык аймагындагы статистикалык иштин мазмунун жана мүнөзүн аныктайт. Статистика жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга контроль жүргүзүү, бул чөйрөдө теске салынган чечимдердин кабыл алынышын, мамлекеттик статистика кызматтарына колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында Статистика боюнча мамлекеттик кеңеш түзүлөт. Статистика боюнча мамлекеттик кеңеш коомдук башталышта иштеген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп саналат. Статистика боюнча кеңештин курамы жана ал жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-5)
