# 18-статья. Статистикалык маалыматты таратуу

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 18-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-18

---

Мамлекеттик, статистикалык же коммерциялык сыр болбогон статистикалык маалыматтарды таратуу төмөндөгүдөй жолдор менен камсыз кылынат: басма сөз басылмаларында үзгүлтүксүз жарыялоо; аны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратуу; аны мамлекеттик статистика органдарынын сайттарына жайгаштыруу; аны мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга түздөн-түз берүү. Мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына Статистикалык иштердин программасында каралган статистикалык маалыматты акысыз берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү статистикалык маалыматты акысыз пайдалануучулардын тизмегине ылайык ишке ашырылат. Статистикалык маалыматты акысыз пайдалануучулардын тизмегине киргизилбеген юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча статистикалык маалыматты берүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Бул суроо - талаптарды аткаруу менен байланышкан чыгымдарды эсептөө жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-19)
