# 17-статья. Статистикалык маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү жана аны пайдалануу

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2018 [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821); 27.03.2009 [Закон КР от 27 марта 2009 года № 85 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202557)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042509..1042511>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 17-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-17

---

Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын жалпыланган статистикалык маалыматты эркин алууга мүмкүнчүлүгү бар. Алардын өз милдеттерин жана иш-милдеттерин ишке ашыруу максатында аталган статистикалык маалыматты пайдалануу, таратуу жана сактоо мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берилет. Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын статистикалык бирдиктеринин Бирдиктүү мамлекеттик каттоо маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет. (КР 2009-жылдын 27-мартындагы № 85, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-18)
