# 15-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042508..1042509>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 15-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-15

---

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик башка органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзүшү жана статистикалык отчетторду жыйнашы мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык статистикалык отчеттуулукту жыйноону жүзөгө ашырат. Мындай учурда администрациялык маалыматтарды жыйноо жана пайдалануу менен байланышкан отчеттук документациянын методологиясы менен формалары милдеттүү түрдө мамлекеттик статистика органдары менен макулдашылууга тийиш. Аталган органдар тарабынан алынган администрациялык маалыматтар мамлекеттик статистика органдарына акысыз берилет. Мамлекеттик статистиканын облустук, шаардык жана райондук органдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчылары менен макулдашуусуз ишке ашырылат. (КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-16)
