# 14-статья. Статистикалык иштерди пландаштыруу жана мамлекеттик статистика органдарын каржылоо

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 27 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной статистике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203834)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042506..1042507>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 14-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-14

---

Мамлекетти жана коомду статистикалык маалымат менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети аткаруу бийлигинин борбордук органдары жана башка тийиштиги бар органдардын катышуусу менен бирге жыл сайын Статистикалык иштердин программасын иштеп чыгат. Статистикалык иштердин программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аткарылат. Статистикалык иштердин программасына киргизилбеген статистикалык байкоо жүргүзүүлөр каржылоонун кошумча булактары болгондо же ушул байкоо жүргүзүүлөрдүн тапшырыкчыларынын каражаттарынын эсебинен аткарылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик статистиканы өркүндөтүүнүн жана өнүктүрүүнүн көп жылдык программаларын иштеп чыгуунун негизинде статистикалык иштерди пландаштыруу жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик статистика органдары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Мамлекеттик статистика органдарынын өнүгүшү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка каражаттар пайдаланылышы мүмкүн. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-15)
