# 13-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 27 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственной статистике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203834)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042507..1042508>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 13-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-13

---

Мамлекеттик статистика органдары төмөндөгүлөргө милдеттүү: республикада жана анын региондорунда болуп жаткан экономикалык, социалдык жана демографиялык процесстерге, экологиялык кырдаалга статистикалык байкоо жүргүзүүнү уюштурууга жана өткөрүүгө; Статистикалык иштердин программасы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери менен аныкталуучу көлөмдөгү, формадагы жана мөөнөттөгү статистикалык маалыматты мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүүгө; статистикалык маалыматты таратууну камсыз кылууга, Статистикалык иштердин программасына ылайык статистикалык жыйнактарды, басылмаларды, бюллетендерди, баяндамаларды, экспресс-маалыматты ж.б.у.с. басып чыгарууга, пресс-конференцияларды өткөрүүгө; статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык методологиясын жана отчеттук-статистикалык документациясын иштеп чыгууга жана бекитүүгө; Статистикалык иштердин программасына ылайык респонденттерди отчеттук-статистикалык документтер менен камсыз кылууга; Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик каттоосун жүргүзүүнү жана чарбалык иштин субъекттерине идентификациялык коддорду ыйгарууну камсыз кылууга; статистикалык маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуу технологиясынын өнүгүшүн жана өркүндөтүлүшүн камсыз кылууга; мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык органдардан алынган статистикалык маалыматты, ошондой эле эсеп бирдигинин деңгээлинде баштапкы администрациялык маалыматтарды топтоону, сактоону, коргоону, алардын купуялуулугун сактоону камсыз кылууга; эларалык жана региондор аралык статистикалык салыштырууларды ишке ашырууга, эларалык статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды кеңири пайдаланууга; Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринё ылайык эл аралык уюмдарга статистикалык маалыматты берүүгө, ошондой эле башка өлкөлөрдүн статистикалык органдары менен статистикалык маалыматтарды алмашууга; мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө милдеттенме алууга жана аны ачыкка чыгарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартууга. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-14)
