# 11-статья. Мамлекеттик статистика органдарынын милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074#diff=1042508..1042509>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 11-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-11

---

Мамлекеттик статистика органдарынын милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат: статистика жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу; Кыргыз Республикасында жана анын региондорунда болуп жаткан массалык экономикалык, социалдык, демографиялык, экологиялык көрүнүштөр жана процесстер жөнүндөгү статистикалык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо жана таратуу; статистикалык маалыматтын сапатын жана өз учурунда берилишин камсыз кылуу; статистикалык маалыматты, анын булактарын жана түзүү методологиясын алуу мүмкүнчүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу; илимий жактан негизделген статистикалык методологияны иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана ишке киргизүү; статистикалык байкоолорду жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу техника-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү системасын иштеп чыгууну, өркүндөтүүнү жана ишке киргизүүнү камсыз кылуу; статистикалык бирдиктин мамлекеттик бирдиктүү каттоосун түзүү жана жүргүзүү; администрациялык маалыматтарды жыйноону уюштуруу жана колдонуу маселелеринде мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну кошуп алганда, жана башка юридикалык жактардын аракеттерин теске салуу; өз ара маалымат алмашуу үчүн мамлекеттик статистикалык маалымат системасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, эларалык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн статистикалык кызматтарынын маалымат системалары менен эриш-аркак иштешин камсыз кылуу; статистикалык маалыматты иштеп чыгуу боюнча эң жаңы маалымат технологияларын ишке киргизүү; статистикалык маалыматты бекем коргоону жана сактоону камсыз кылуу. (КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-12)
