# 10-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын системасы

- Документ: [Мамлекеттик статистика жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202074)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 82 "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111929)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3520/edition/1042505/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202074/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик статистика жөнүндө, 10-статья (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-10

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын системасын төмөндөгүлөр түзөт: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; облустарда, шаарларда жана райондордо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик статистиканын аймактык органдары жана ага баш ийген органдар; мамлекеттик статистикага баш ийген ведомстволук органдар - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын иш-милдеттерин ишке ашыруу үчүн түзүлүүчү жана анын башкаруу чөйрөсүнө тиешелүү ишканалар, уюмдар жана мекемелер. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү жобонун негизинде иш жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202074/st-11)
