# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы №38 «Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизіі тууралу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы №38 «Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизіі тууралу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3518/edition/329222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-мартындагы №38 «Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизіі тууралу" (22.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202072

---

Бишкек шаары, Јкмјт Ійі

2007-жылдын 22-марты № 38

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизіі тууралу

2007 - жылдын 8 - февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья. «Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын](https://aqlex.ai/kg/doc/202072/st-1)

Мыйзамына (Кыргыз Республикасыньга Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2006 - ж., №

3, 278 - ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

ар кандай жөндөмөлөрдөгу «интеллектуалдык менчик маселелери боюнча

ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «интеллектуалдык

менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

ар кандай жөндөмөлөрдөгу жана сандагы «коргоо документи» деген сөздөр

тиешелүү жэндөмөдө жана санда «патент» деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 2 - статьянын 1 - бөлүгүндөгү «ойлоп табууга жана пайдалуу моделге

берилүүчү коргоо документине» деген сөздөр «ойлоп табууга патент берүүгө»

деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 5 - статьянын 3 - бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү» деген

сөздөр «интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 8 - статьяда:

статьянын аталышы төмөндөгудөй редакцияда баяндалсын: «Жашыруун ойлоп

табууга табыштаманы каттоо жана экспертизалоо»;

1 - бјлүктј:

«жашыруун ойлоп табуунун» деген сөздөр «жашыруун ойлоп табууга

табыштамалардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи абзацы «формалдык» деген сөздөн кийин «жана алдын ала» деген

сөздөр менен толукталсын;

3 - бөлүгү «(авторлорго)» деген сөздөн кийин «, ал эми билдирүүчүгө -

«Жашыруун» деген грифи бар патент» деген сөздөр менен толукталсын.

5.9 - статьянын 2 - бөлүгүндө:

«6 - статьясына» деген сөздөр «2 - статьясынын төртүнчү бөлүгүнө» деген

сөздөр менен алмаштырылсын;

«интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган

тарабынан билдирилген объектини жашыруун ойлоп табуу катары тааныган же

андай деп тааныбоо жөнүндө чечим чыгарган» деген сөздөр «Кыргыз

Республикасынын жашыруун ойлоп табууларынын Мамлекеттик реестрине

киргизилген» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 11 - статьянын 2 - бөлүгіндөгү «төрт» деген сөз «он эки» деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

2-статъя. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
