# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202067>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3513/edition/329217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202067.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-мартындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (09.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202067

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2007-жылдын 9-марты № 33

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202067/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 91-1-статья менен толукталсын:

"91-1-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ВИЧке милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап качышы Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ВИЧке милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап качышы,- ушул Кодекстин 39-статьясында каралгандай Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып салууга алып келет.".

2. 508-статья "87," деген сандан кийин "91-1," деген сан менен толукталсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202067/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2007-жылдын 2-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
