# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3511/edition/329215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-мартындагы №31 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу" мыйзамы (05.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202065

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2007-жылдын 5-марты № 31

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202065/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. Кодекстин 10-главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 85-1-статья менен толукталсын:

"85-1-статья. Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушу,- жарандарга - бирден үчкө чейин, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага чейин, юридикалык кактарга - жүздөн беш жүзгө чейин эсептешүү көрсөткүчтөрүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 397-статьядагы "эсептешүү көрсөткүчтүн 0,1ден 05 өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчтүн бирден үчкө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 508-статьянын 1-бөлүгү "85," деген сандан кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.

4. 511-статьяда:

үчүнчү абзац "транспорттогу ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орунбасарлары - " деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; төртүнчү абзац "линиялык пункттарынын башчылары -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; бешинчи абзац "милициянын участоктук инспекторлору -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; алтынчы абзац "жана алардын орунбасарлары -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; жетинчи абзац "(ИИБде МАИнин бөлүкчөсү жок болсо) -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; сегизинчи абзац "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.

5. 514, 516, 517, 518, 539-статьялардын 1-бөлүктөрү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.

6. 540-статьянын биринчи бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1-статьясында," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202065/st-2)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2007-жылдын 16-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
