# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202064)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 1-мартындагы №30 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 30
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.03.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202064/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3510/edition/329214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202064/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу, 1-статья (01.03.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202064/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-ст.) I бөлүгүнө

төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

335-статьянын:

1-пунктунда:

- биринчи абзацтагы "эгерде мыйзамда башкача каралбаса, соттун че-

чими боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

соттук же соттон тышкаркы тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"Күрөө кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн

эсебинен сотко кайрылуусуз канааттандырууга төмөндөгүдөй негиздерде жол

берилет:

күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда бир эле учурда

күрөө жөнүндө келишим менен түзүлгөн, болбосо күрөө жөнүндө келишимдин

күчүндө турган мезгилде түзүлгөн нотариалдык жактан ырасталган макулда-

шууга. Мындай келишим бул келишимде укугу бузулган адамдын доосу боюнча

сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн;

күрөө жөнүндө келишиминде күрөө кармоочунун өндүрүп алууну соттон

тышкары тартипте күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу тууралу укугу болгон

учурда нотариустун аткаруу жазуусу болгондо.";

статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Күрөө кармоочу нотариуска аткаруу жазуусун бүткөрүш үчүн бил-

дирме түзүлгөндөн кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочу

койгон талапты канааттандырам деген ниети жок болсо, күрөөнүн өндүрүп

алуу жүйөсүнө айландыруу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кайрылууга

укугу бар.

Нотариустун аткаруу жазуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген тартипте салынат.";

2 жана 3-пункттар тиешелүү түрдө 3 жана 4-пункт деп эсептелсин.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202064/st-2)
