# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 27.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202058>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3504/edition/329207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202058

---

Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2007-жылдын 27-февралы № 24

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр

жана толуктоо киргизүү тууралу

2007-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202058/st-1)

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана то-

луктоо киргизилсин.

I. 5-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын.

"5-статья.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Прези-

дентинин указдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору Кыргыз Республикасынын бүткүл ай-

магында кучүнө киргенден тартып милдеттүү жана токтоосуз аткарылууга

тийиш".

II. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде:

1. Мыйзамдын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз

Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"

2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "нормативдик" деген сөз "ченемдик"

деген сөз менен; "полномочие" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү жана сан-

дагы "ыйгарым укук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 4-статьянын 1-бөлүгү "68-статьясына" деген сөздөрдүн алдынан

"Конституциясынын" деген сөз менен толукталсын.

4. Мыйзамдын 17-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "формасында" деген сөз

"түрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.

5. VII главанын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын. "Че-

немдик укуктук актыларды чечмелөө (түшүндүрүү)".

6. 50-статьяда:

1-бөлүгүндөгү "мыйзам чыгаруучу" деген сөздөр алып салынсын;

2-бөлүгүндөгү "басылышы" деген сөз "берилиши" деген сөз менен ал-

маштырылсын.

7. 51-статьядагы "официалдуу түшүнүк" деген сөздөр "расмий чеч-

мелөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. 52-статьядагы "түшүндүрмө" деген сөз "чечмелөө" деген сөз ме-

нен; "көрсөтүү" деген сөз "сунуш" деген сөз менен алмаштырылсын.

9. 53-статьяда:

1-бөлүгүндөгү "актыларга түшүнүк" деген сөздөр "актыларды чечме-

леп" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-бөлүгүндөгү "маанисине түшүнүк" деген сөздөр "маанисин чечмелеп"

деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202058/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
