Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Бишкек шаары
2007-жылдын 26-февралы №21
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоолор киргизүү жөнүндө
2007-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. «Өсүмдүктөр дүйнөсүн жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 2001-ж., №6, 188-ст) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 7-статьянын 4-бөлүгү «жаратылышты коргоо» деген сөздөн кийин
«жана Кыргыз Республикасында токойчулук тармагын өнүктүрүү» деген
сөздөр менен толукталсын.
2. 25-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы «жаратылышты коргоо»
деген сөздөн кийин «жана Кыргыз Республикасында токойчулук тармагын
өнүктүрүү» деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья. «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж.,
№12, 528-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
21-статьянын 2-бөлүгү «жаратылышты коргоонун» деген сөздөн кийин
«жана Кыргыз Республикасында токойчулук тармагын өнүктүрүүнүн» деген
сөздөр менен толукталсын.
3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 2 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (2)
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53
- Экологиялык экспертиза жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 54
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Экологиялык экспертиза жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 54
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53