# 19-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202053)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 22-февралындагы №19 "Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 марта 2026 года № 26 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043524)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202053/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3499/edition/329201/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202053/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс жөнүндө, 19-статья (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202053/st-19

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, баардык дењгээлдердеги жергиликтүү

мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүнү

камсыз кылууга тийиш:

а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендерди

өз учурунда аларды жашаган жерлерине келиши боюнча эсепке алууга, алар-

ды ишке орноштурууга же ата-энелеринин, багуучу же көмөкчү органдардын

көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды балдар үйлө-

рүнө, жатак мектептерге алардын жашаган жерлерине келгенден эки жумадан

кеч эмес мөөнөттө жайгаштырууга; жашы жетпегендердин иштери боюнча ко-

миссиялардын, ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек

коллективдеринин жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо

боюнча иштерин координациялоону ишке ашырууга;

б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учу-

рунда эсепке алууну, алардын жашаган жерлерине келген күндөн тартып эки

жумадан кеч эмес мөөнөттө ишке жана жашоо тиричиликке ыњгайлаштырып ор-

ноштурууну, жазадан бошотулган майыптарды жана карыларды өздөрүнүн ба-

гуусуна ала турган жакын туугандары жок болсо, майыптардын же карылар-

дын үйлөрүнө жайгаштырууну уюштурууга.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-

сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сак-

тоо министрлиги башка органдар менен биргелешип белгиленген тартипте

жазадан бошотулган кургак учуктун оор түрү менен ооругандарды эсепке

алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-

сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-

нистрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке ал-

сын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республи-

касынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткары-

лышына көзөмөлдү камсыз кылсын.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202053/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202053/st-20)
