# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-февралындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-февралындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3498/edition/329199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-февралындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202052

---

Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 20-июлундагы N 241 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 20-февралы №18

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу

### [1-статья. «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары](https://aqlex.ai/kg/doc/202052/st-1)

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кенешинин Ведомосттору 1996-ж., №7, 101-ст.) төмөнкүдөй

толуктоолор киргизилсин:

6-статьяда:

2-бөлүктөгү «Жогорку Кењеши» деген сөздөрдөн кийинки «жана»

деген сөз үтүр белгиси менен алмаштырылып, «Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү» деген сөздөрдөн кийин «жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары» деген сөздөр менен толукталсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толуктолсын:

«3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын

жана башка нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилдеги

тексти расмий тилдеги текстине туура келбеген учурда мамлекеттик

тилдеги текст түп нуска деп эсептелет.».

### [2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө](https://aqlex.ai/kg/doc/202052/st-2)

кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
