# 2-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202049)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-февралындагы №15 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 октября 2008 года № 206 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О запрещении рубки, транспортировки, приобретения и сбыта, заготовки и использования, экспорта и импорта особо ценных (ореховых и арчовых) древесных пород в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202421)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202049#diff=820284..820285>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202049/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3495/edition/820284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202049/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө, 2-статья (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202049/st-2

---

Мыйзамсыз өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуда, ташууда, сатып алууда жана сатууда, даярдоодо жана пайдаланууда, буюмдарды жасоодо, экспорттоодо ишти жасоо куралы же анын түздөн-түз объектиси болуп саналган (өзгөчө баалуу дарак породаларын, даярдалган буюмдар, курулган имараттар жана курулуштар ж.б.) же буюмдарды жана чийки заттарды кайра иштетүүгө колдонулган (цехтер, тактай тилгичтер, автотранспорт), имараттарды жана курулуштарды курууга колдонулган (Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларынан жасалган терезе кашектери, эшиктер, ар кандай конструкциялар) конфискацияланууга жатат. Конфискацияланган жаңгак тамырлары, уюлдары жана жыгачтары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте колдонулушу, сатылышы же жок кылынышы мүмкүн. Мыйзамсыз иштен түшкөн кирешелер тартып алынып, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузууда күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. (КР 2008-жылдын 8-октябрындагы № 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202049/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202049/st-3)
