# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202049)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 12-февралындагы №15 "Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2017 года № 140 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О запрещении рубки, транспортировки, приобретения и сбыта, заготовки и использования, экспорта особо ценных (ореховых и арчовых) древесных пород в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111647)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2017 [Закон КР от 25 июля 2017 года № 140 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О запрещении рубки, транспортировки, приобретения и сбыта, заготовки и использования, экспорта особо ценных (ореховых и арчовых) древесных пород в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111647); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О запрещении рубки, транспортировки, приобретении и сбыта, заготовки и использования, экспорта особо ценных (ореховых и арчовых) древесных пород в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203713); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 129 "О внесении изменения и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О запрещении рубки, транспортировки, приобретения и сбыта, заготовки и использования, экспорта и импорта особо ценных (ореховых и арчовых) древесных пород в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/203369)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202049#diff=820287..820288>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202049/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3495/edition/820284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202049/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө, 1-статья (25.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202049/st-1

---

Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, өсүүсүн токтотууга чейинки деңгээлде залал келтирүүгө, сатууга жана сатып алууга, даярдоого, пайдаланууга, буюмдар жасоого, экспорттоого, анын ичинде санитардык кыюуга 2030-жылга чейин тыюу салынат, токойду кыюусуз кыйраган дарактардан тазалоо жана токойду багуу иретинде кыюу буга кирбейт. Кыргыз Республикасынын аймагында жерлеринде курулуш жана жардыруу иштери, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды алып өтүү транспорттук магистралдык жолдорду куруу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жер казынасын геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү максатында берилген аймактардын чегинде аларды сактоого негизделген мүмкүнчүлүк жок болгондо, келтирилгин чыгашалардын ордун (алынбай калган пайданы кошуу менен) жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу менен өзгөчө баалуу дарактарды (жаңгак жана арча) кыюуга жол берилет. Өзгөчө баалуу дарактардын породаларын кыюу токой чарбасын башкаруучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн, ошондой эле даярдалган жыгачтарды сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобого ылайык токойду сактоого, коргоого, өстүрүүгө, токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууга жана белгилүү бир түрдөгү кыйылган бир дарактын ордуна, тиешелүү түрдөгү 100 көчөттү олтургузуу пропорциясында компенсациялык чараларды колдонуу менен кыйылууга жаткан дарактарды калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 129, 2012-жылдын 16-июлундагы № 113, 2017-жылдын 25-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202049/st-2)
