# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-февралындагы №12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-февралындагы №12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3492/edition/583338/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-февралындагы №12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" мыйзамы (27.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202046

---

Кыргыз Республикасынын

2007-жылдын 27-декабрындагы № 176 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2007-жылдын 6-февралы № 12

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө

2007-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202046/st-1)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай

министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары

министрлиги;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;

Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик

комитети;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамле-

кеттик комитети;

Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик

комитети;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202046/st-2)

Ушул Мыйзам менен бекитилгенге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмө-

түнүн түзүмү төмөнкүлөрдөн тура тургандыгы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри;

Кыргыз Республикасынын министрлери;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202046/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын жетекчилиги ме-

нен төмөнкү административдик ведомстволор иштей тургандыгы белгиленсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт,

жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мам-

лекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укукту

каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минерал-

дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Туризм боюнча мамлекет-

тик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы сая-

сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Айлана чөйрөнү коргоо

жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кесиптик-техникалык би-

лим берүү боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик сатып алуу-

лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттик;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Финансы полициясы.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202046/st-4)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" 2005-жылдын

27-сентябрындагы № 153 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп

табылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимин

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
