# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202045>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3491/edition/329188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202045.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Мыйзамы (29.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202045

---

Бишкек шаары

2007-жылдын 5-февралы № 11

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана

өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

29-майындагы № 100

2006-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202045/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,

1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирги-

зилсин:

1. 2-статьяга:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"транспорт каражатынын айдоочусу - транспорт каражатын башкарууга

укугу бар адам;";

тогузунчу абзац "орнотулган жабдыктарды" деген сөздөрдөн кийин ",

ошондой эле тракторлорду жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды"

деген сөздөр менен толукталсын.

2. 5-статьянын сегизинчи абзацында "автомототранспорт" деген сөз

"транспорт" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. 16-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Транспорт каражаттарынын базасында орнотулган, коркунучтуу

өндүрүш объекттеринде колдонулуучу жабдууларды же техникалык

түзүлмөлөрдү мамлекеттик техникалык кароо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө

кырдаалдар министрлигине караштуу Өндүрүш коопсуздугуна көзөмөл кылуу

жана тоо көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция органдары тарабынан

жүргүзүлөт.";

2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.

4. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 100 Мыйзамы-

на ылайык күчүн жоготту)

5. 25-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи

абзацтар менен толукталсын:

"- 14 кНга чейинки тракторлорду жана өзү жүрүүчү шассини ("А" ка-

тегориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;

- 14 кНдан ашкан тракторлорду ("Б" категориясы) - он жети жашка

чыккан адамдарга;

- казтамандуу тракторлорду ("В" категориясы) - он жети жашка чык-

кан адамдарга;

- механикалык трансмиссиясы бар өзү жүрүүчү машиналарды ("Г" кате-

гориясы) - "А", "Б", "В" графаларында уруксат берилген белгилери жана

бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;

- тракторлорду, гидравликалык трансмиссиясы бар өзү жүрүүчү техно-

логиялык машиналарды ("Д" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларындагы

уруксат берилген белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар он

сегиз жашка чыккан адамдарга;

- мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде

экскаваторлорду ("Е" категориясы) - "А", "Б", "В" графаларындагы урук-

сат берилүүчү белгилери жана бир жылдык үзгүлтүксүз иш стажы бар адам-

дарга;".

6. 27-статьянын 3-пункту "айдоочунун күбөлүгүн" деген сөздөрдөн

кийин ", ошондой эле тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн" деген сөздөр

менен толукталсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202045/st-2)

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 100 Мыйзамынын

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
