Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 23-январындагы № 2 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-марты № 31 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 23-январындагы № 2 протоколун жокко чыгаруу жөнүндө Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Кочорбаев Уланбек Сапарбековичтин талапкерлигин каттоодо Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы жол берген укук бузууларга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, 18-беренесине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер Кочорбаев Уланбек Сапарбековичти каттоо жөнүндө" Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 23-январындагы № 2 протоколу жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон