# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-декабрындагы № 235 "Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-декабрындагы № 235 "Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202032>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3478/edition/1255018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202032.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-декабрындагы № 235 "Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202032

---

КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2006-жылдын 29-декабры № 235

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу

2006-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202032/st-1)

"Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкала- рын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер- лерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи- касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-жыл, № 7, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-статья.

Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер- лерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын төмөнкүдөй базалык ставкалар бекитилсин:

| Региондордун аталышы | Калктуу пункттардын жерлери үчүн базалык |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | ставкалар калкынын саны мињ адам менен |  |  |  |  |  |  |  |
|  | (ч.м /сом) |  |  |  |  |  |  |  |
|  | 5 ке | 5,1- | 10,1- | 20,1- | 50,1- | 100,1 | 250,1- | 500,1 |
|  | чейин | 10,1 | 20 | 50 | 100 | -250 | 500 | ден |
|  |  |  |  |  |  |  |  | ашык |
| Баткен облусу | 0,93 | 1,35 | 1,53 | 1,68 | 1,71 |  |  |  |
| Жалалабат облусу | 1,23 | 1,59 | 1,8 | 1,95 | 2,1 |  |  |  |
| Ысыккөл облусу | 1,23 | 1,59 | 1,8 | 1,95 | 2,1 |  |  |  |
| Нарын облусу | 1,02 | 1,41 | 1,59 | 1,74 | 1,77 |  |  |  |
| Ош облусу | 1,23 | 1,59 | 1,8 | 1,95 | 2,1 | 2,43 | 2,55 |  |
| Талас облусу | 1,11 | 1,53 | 1,74 | 1,86 |  |  |  |  |
| Чүй облусу жана | 1,23 | 1,59 | 1,8 | 1,95 | 2,1 | 2,43 |  | 2,94 |
| Бишкек шаары |  |  |  |  |  |  |  |  |

".

2. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-статья.

2007-жылга жер салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабыл алынганга чейин ушул Мыйзам менен бекитилген ставкалар колдонула бе- рет.".

3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-статья менен толукталсын:

"12-статья.

"Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн бирдиктүү айыл чарба са- лыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 9-апрелиндеги З № 1028-I токтомунун 9-пункту менен бекитилген трансформацияланууга тийиш болгон айыл чарба багытындагы жер участоктору үчүн жењилдетилген салык алуунун мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.".

4. 12-статья 13-статья деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202032/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
