# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-декабрындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-декабрындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3472/edition/329166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-декабрындагы №229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы (18.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202026

---

КУЧУН ЖОГОТТУ

КР 2008-жылдын 18-декабындагы №267 Мыйзамынын редакциясында

Бишкек шаары

2002-жылдын 29-декабры № 229

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын

статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо киргизүү тууралу

2006-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202026/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Депутатынын статусу жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Жарчысы, 2005-ж.. № 11, 902-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо кирги-

зилсин:

Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 38-1-статья менен толукталсын:

"38-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын

социалдык жактан коргоо

1. Депутаттык ыйгарым укуктарын аткарышына байланыштуу Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин депутаты курман болгон учурда же депу-

таттык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жарадар болгондон, жара-

кат алгандан, оорунун кесепетинен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин

көз жумганда каза болгондун (өлгөн адамдын) үй-бүлөсүнө жана анын ба-

гуусундагыларга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каража-

тынан каза болгондун (өлгөн адамдын) багуусундагыларга жыйырма жолку

бир жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Эмгек акы дегенге жылдын толук календарлык мезгилинин ичинде депу-

тат тарабынан алынган орточо эмгек акысы, бардык кошумчалар, компенса-

циялар, сыйакылар жана башка төлөмдөр кирет. Депутаттык милдеттерин бир

календарлык жылдан азыраак аткарган учурда шарттуу эсептешүү толук ка-

лендарлык жылдын ичинде депутат алууга тийиш болгон болжолдуу төлөмдөр-

дүн негизинде жүргүзүлөт.

2. Ушул статьянын Жобосу 2005-жылдын январынан тартып келип чыккан

мамилелерге жайылтылат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202026/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
