Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267 "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-12-18.
КУЧУН ЖОГОТТУ
КР 2008-жылдын 18-декабындагы №267 Мыйзамынын редакциясында
Бишкек шаары
2002-жылдын 29-декабры № 229
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын
статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралу
2006-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Депутатынын статусу жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Жарчысы, 2005-ж.. № 11, 902-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо кирги-
зилсин:
Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 38-1-статья менен толукталсын:
"38-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын
социалдык жактан коргоо
1. Депутаттык ыйгарым укуктарын аткарышына байланыштуу Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин депутаты курман болгон учурда же депу-
таттык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жарадар болгондон, жара-
кат алгандан, оорунун кесепетинен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин
көз жумганда каза болгондун (өлгөн адамдын) үй-бүлөсүнө жана анын ба-
гуусундагыларга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каража-
тынан каза болгондун (өлгөн адамдын) багуусундагыларга жыйырма жолку
бир жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
Эмгек акы дегенге жылдын толук календарлык мезгилинин ичинде депу-
тат тарабынан алынган орточо эмгек акысы, бардык кошумчалар, компенса-
циялар, сыйакылар жана башка төлөмдөр кирет. Депутаттык милдеттерин бир
календарлык жылдан азыраак аткарган учурда шарттуу эсептешүү толук ка-
лендарлык жылдын ичинде депутат алууга тийиш болгон болжолдуу төлөмдөр-
дүн негизинде жүргүзүлөт.
2. Ушул статьянын Жобосу 2005-жылдын январынан тартып келип чыккан
мамилелерге жайылтылат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.08.2005 · № 151 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267