# Закон КР от 28 декабря 2006 года № 220 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3463/edition/771869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 28 декабря 2006 года № 220 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков" (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202017

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2006-жылдын 28-декабры № 220

"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202017/st-1)

"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 5, 235-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 24-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "эмгек акынын эң аз өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 32-статьянын 2-пунктунда:

экинчи жана алтынчы абзацтарындагы "эң аз эмгек акынын" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; сегизинчи абзацтагы "эң аз эмгек акынын" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 55-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "эмгек акынын эң төмөнкү ставкалары" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202017/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202017/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2006-жылдын 14-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
