# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3459/edition/855575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 216 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202013

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 28-декабры №216

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИНЕ ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ

2005-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш — жаза кодексине](https://aqlex.ai/kg/doc/202013/st-1)

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998 —ж., №7, 229 —ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

340 — статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«340 — статья. Укук коргоо органынын кызматкеринин жана аскер кызматчысынын өмүрүнө кол салуу

Укук коргоо органынын кызматкеринин жана аскер кызматчысынын, ошого тете алардын жакындарынын өмүрүнө, көрсөтүлгөн адамдардын мамлекеттик чегараны, коомдук тартипти сактоо жана коргоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу максатында же болбосо ошондой иш үчүн өч алуу үчүн кол салынганда — ».

### [2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып](https://aqlex.ai/kg/doc/202013/st-2)

күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
