# 9-статья. Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 9-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-9

---

Жазуу жүзүндөгү суроо-талапта милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) суроо-талапты алуучу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын аталышы жана (же) анын кызмат адамынын фамилиясы;

б) жарандар үчүн - фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери (почта дареги); юридикалык жактар (алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) үчүн - юридикалык жактын (анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн) толук аталышы, башкаруу органынын жайгашкан жери (почта дареги), юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат, жазуу жүзүндөгү суроо-талапка кол койгон адамдын фамилиясы жана кызматы;

в) суроо-талаптын кандай маалымат берилиши керек экени жөнүндө так ой жүгүртүүгө мүмкүндүк берүүчү предмети.

Суроо-талап жөнөткөн адам өз суроо-талабынын себебин түшүндүрүүгө милдеттүү эмес. Маалымат сураган адам суроо-талапка өзүнүн байланыш телефонунун номерин, ошондой эле анын ою боюнча суроо-талапты аткарууга көмөк көрсөтүүчү башка маалыматтарды кошууга укуктуу. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы маалымат берүүгө карата суроо-талаптардын типтүү бланктарынын формаларын иштеп чыгат жана алардын мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы жайгашкан жерлерде жана байланыш бөлүмдөрүндө жеткиликтүү болушун камсыз кылат. Маалымат берүү жөнүндө суроо-талап бланкынын арткы бетинде бланкты толтуруу тартибинин түшүндүрмөсү, ошондой эле маалымат берүүнүн мөөнөтү, аны алуунун жана ага акы төлөөнүн тартиби көрсөтүлөт. Суроо-талаптын маңызын түзүүдө бардык зарыл документтердин же материалдардын дайындарын так көрсөтүү талап кылынбайт. Эгерде суроо-талаптын маңызы тактоону талап кылса, жооп даярдоого жоопкер адам өз демилгеси боюнча байланыш телефону аркылуу өтүнүч ээсинен суроо-талаптын предметин тактоого укуктуу. Байланыш телефону жок болгон учурда жооп даярдоого жоопкер адам суроо-талаптын маңызын өзалдынча тактайт. Маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жаран тарабынан почта, чабарман, электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлүшү же мамлекеттик органга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органына өзү тикелей бериши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-10)
