# 8-статья. Маалымат берүү жөнүндө оозеки кайрылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 8-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-8

---

1. Маалымат алуу үчүн оозеки кайрылганда же телефон аркылуу кайрылганда тийиштүү маалымат оозеки берилет.

2. Маалымат берүүгө жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүү зарылдыгын жокко чыгаруучу кыскача маалымдамалар оозеки берилет. Маалымат берүүгө жоопкерчиликтүү адам суроо-талаптын негизин түзгөн суроолор боюнча сураган адамдарга оозеки кепкеңеш берүүгө милдеттүү эмес.

3. Эгерде суроо-талапка оозеки жооп аны сураган адамды толук канааттандырбаса, ага жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалымат алуунун башка ыкмалары түшүндүрүлөт.

4. Ар бир оозеки кайрылуу журналга (катталууга) тийиш, анда кайрылуунун автору, телефон номери, үй дареги, кайрылган күнү жана убактысы, кайрылуунун предмети же маселеси, ошондой эле кайрылуу боюнча жооп берген мамлекеттик же муниципалдык кызматкер жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.

Журналдын формасы жана аны толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-9)
