# 7-статья. Маалымат тууралу суроо-талап жөнөтүүнүн формалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 2-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 7-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-7

---

1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына маалымат тууралу суроо-талаптар төмөнкү формада жөнөтүлүшү мүмкүн:

- оозеки тикелей же телефон аркылуу кайрылуу;

- тикелей берүү, почта, чабарман менен же электрондук байланыш каналдары аркылуу берилген жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар.

2. Суроо-талапка жооп ошол суроо-талап жөнөтүлгөн формада жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган документ бир нече тилде болгон учурда, ал документ маалымат сураган адам кайрылган тилде берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-8)
