6-статья. Маалымат берүү ыкмалары
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалыматтарды берүүлөрүнүн негизги ыкмалары төмөнкүлөр:
1) тийиштүү материалдарды, анын ичинде расмий же адистештирилген сайтта жарыялоо жана таратуу;
11) кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2) жеке жана юридикалык жактарга алардын суроо-талаптарынын негизинде маалыматтарды берүү;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын документтерине жана материалдарына тикелей жетүүнү камсыз кылуу;
5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына тикелей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өз иши жөнүндө калкты кабардар кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай ыкмаларды да колдонууга укуктуу.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өз иши жөнүндө маалыматтарга жетүүнүн ыкмаларынын бирин камсыз кылуусу башка ар кандай мыйзамдуу ыкма аркылуу маалымат берүүдөн баш тартууга негиз боло албайт.
4. Ушул статьянын 1-пунктунун 11-пунктчасында көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар ушул статьянын 1-пунктунда каралган ыкмалар менен аларды жалпыга жеткиликтүү жана өз убагында маалыматтык түшүндүрүү боюнча чараларды милдеттүү тартипте көрүүгө тийиш.
(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Программа (Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы№118 токтомуна тиркеме)Программа · 30.03.2023 · № 118
- Ош шаардык кңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 118 "Улуу Жибек жолун жандандыралы" Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан…Постановление · 30.03.2023 · № 118
- Кара-Балтинского шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 05 "Кара-Балта шаарын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жөнүндө, Кара-Балта…Постановление · 16.03.2023 · № 05
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>