# 5-статья. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202010)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217 "О праве на доступ к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230009705)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года N 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам разведывательной и контрразведывательной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2022 [Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года N 53 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам разведывательной и контрразведывательной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112391); 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 152 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111431)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010#diff=1174800..1174801>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3456/edition/1174794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202010/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, 5-статья (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-5

---

1. Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй максаттарда белгиленет:

1) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо;

2) калктын ден соолугун же адеп-ахлагын сактоо;

3) башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо.

2. Жетүүгө чектөөлөр төмөнкүдөй маалыматтарга карата белгиленет:

1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзам менен аныкталган мамлекеттик сырлар жөнүндө;

2) жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзам менен аныкталган жеке мүнөздөгү;

3) изин суутпай издөө, тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иштери тууралуу, мыйзам менен белгиленген учурларда кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш жөнүндө;

4) мыйзам менен корголуучу (коммерциялык, банктык, нотариалдык, врачтык, адвокаттык жана башка) сырларды камтыган.

3. Купуя маалыматтарга кирген маалыматтардын тизмеги "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.

4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын маалыматтарын камтыган төмөнкү маалыматтар ушул Мыйзамдын максаттарында купуя болуп таанылат:

1) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын ишинин коопсуздугун камсыз кылуунун уюштуруу-техникалык эрежелерине гана таандык болгон;

2) жабык угуулардын жана жыйналыштардын конкреттүү мазмунун, ошондой эле жабык кеңешме өткөрүүдө же добуш берүүдө кызмат адамынын жеке позициясын чагылдырган.

5. Эгерде мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу аларга белгилүү болгон купуя маалыматтарды ачыкка чыгарышса, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 20-июлундагы № 130, 2022-жылдын 30-июнундагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 152, 2016-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202010/st-6)
